Мазмунга өтүү

Күйкө

Википедия дан
эркек.
Falco tinnunculus alexandri

Күйкө (лат. Falco tinnunculus) — шумкарлар тукумундагы жырткыч куш. Дене узундугу 35 смге чейин жетет. Ургаачысы эркегинен чоң. Жүнү саргыч, эркегинин жонунда кызыл күрөң тактары, ургаачысынын туурасынан кеткен чаар тилкелери бар. Боор жагы саргыч, кара тактуу. Евразияда жана Африкада таралган. Түндүктө келгин, түштүктө тургун куш. Тундрадан башка бардык жерлерде кездешет. Кыргызстанда түздүктөн тартып, деңиз деңгээли 3000—4000 м бийиктиктеги тоолордо таралган. Адамга бат үйрөнөт. Даракка, аскага, каралбай калган курулуштарга уялайт. Жалгыздан жана бир нече ондогон, жүздөгөн жуптан турган топ болуп жашайт. Күйкө кемирүүчүлөр, кескелдириктер, майда чымчыктар жана курт-кумурскалар менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy