Мазмунга өтүү

Аба транспорту

Википедия дан
Аба транспорту (2009-ж).

Аба транспортужүргүнчү, почта, жүк ташуучу транспорттун бир түрү. Аба транспорту 1-дүйнөлүк согуштан кийин пайда болду. СССРде аба транспортунун өнүгүшүнө 1923-ж. Бүткүл россиялык «Добролет» ыктыярдуу аба флоту жана «Укровоздухпункт» коомдорунун түзүлүшү өтө чоң түрткү берген. Советтик Союзу учурунда дүйнөдөгү эң ири аба державасы болгон. 1972-ж. аба жолунун узундугу 780 миң кмди түзүп, аба транспорту 3500 айыл-кыштакты жана шаарды байланыштырган, 1971-ж. 82 млн жүргүнчү, 2087 миң почта жүк ташыган; токой, айыл чарба үчүн 74 млн га жерге химиялык иштерди жүргүзгөн. 1950-жылдан тартып аба транспортунда винттүү самолёттор реактивдүү самолёттор менен алмаштырыла баштаган. Кыргызстанда аба транспортунун өнүгүшү 1924-ж. Бүткүл россиялык «Добролет» ыктыярдуу аба флотунун Орто Азиялык бөлүгүнүн түзүлүшүнө байланыштуу. Республикада аба транспорту негизинен Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өнүктү. Азыр республиканын айрым райондору менен аба транспорту аркылуу байланыш түзүлүп, дүйнөдөгү көп мамлекеттерге самолёт үзгүлтүксүз каттайт. Республиканын аба транспорту АН-2, ЛИ-2, ЯК-12, ИЛ-14, ИЛ-18, АН-24, ЯК-40, ИЛ-62 самолёттору менен толукталууда.

Байланыштуу макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy