Мазмунга өтүү

Буржуазия

Википедия дан

Буржуазия (французча bourqeoisie шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык жана башка ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Буржуазия өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык жана башка) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-кылымдагы революциялардын жана реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экономикалык күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн жана сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-кылымдын аягында шаар калкынын жогорку катмары көпөстөр, банкирлер жана өнөр жай ишканаларынын ээлери буржуазия аталып калган. Буржуазия прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-кылымдагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы революциялардын натыйжасында бул мамлекеттерде буржуазиянын бийлиги орногон. Социалисттик режим орнотулган өлкөлөрдө буржуазия тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын жана граждандык коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин жана менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy