Мазмунга өтүү

Порт-Вила

Википедия дан
Порт-Вила

Порт-ВилаВануатунун борбору (1906-жылдан) жана ири шаары. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө, Эфате аралынын түштүк-батышында (Меле пляжында) жайгашкан. Климаты тропиктик. Январдын орточо температурасы 28°С, июлдуку 24°С. Өлкөнүн экономикалык башкы борбору. Калкы 47,5 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Порт (1972; круиз кемелерин кабыл алат). 2009-жылы шаардын 200 жылдыгы болуп, андан соң Орусия менен болгон дипломатиялык мамилелери жакшырып, шаардын борбордук бөлүгүнө орус деңиз саякатчысы В. М. Головинге эстелик тургузулган. Эт, балык белендөөчү ишкана иштейт. Педагогикалык институт, Түштүк Тынч океан университетинин кампусу, китепкана бар. 2002-жылы катуу жер титирөө болгон. Туризм өнүккөн.

pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy